«COVID-19суз саякаттайм» тиркемесине кошулган лабораториялардын тизмеси толукталды

«COVID-19суз саякаттайм» платформасына туташтырылган ата мекендик лабораториялардын тизмеси толукталды, анда ПЦР-тесттен өтүүгө болот, анын жыйынтыгы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде кабыл алынат. 2021-жылдын декабрынан тартып «Human» лабораториясы бул платформага туташтырылган. “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинде колдонуучулар ЕАЭБ алкагында коопсуз трансчек аралык саякатка багытталган жалпы санариптик демилгеге кирген бардык жеткиликтүү лабораториялардын толук тизмесин, картадан жайгашкан жерин, иш графиги жана байланыш…