2022-жылдын 4-7-октябрында Казакстан Республикасындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын иши менен таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук уюмдарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары болуп өттү.
Алгачкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүү системасын түшүнүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Сыдыков У.А. жетектеген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук уюмдарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары, 2022-жылдын 4-октябрынан 7-октябрына чейин Казакстан Республикасынын Ысык шаарында, болуп өттү.
Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ДСУнун Европалык баштапкы медициналык-санитардык жардам борбору жана Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте, ДСУнун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган ДСУнун баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү платформасынын негизинде практикалык окууга катышты.
Сапардын жүрүшүндө Алматыдагы БУУнун үйүндө тегерек стол болуп, анда ДСУнун Европалык борборунун жетекчиси – Мелитта Якаб чыгып сүйлөдү, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары- Дудник В.Ю, Арнольдас Юргутис – ДСУнун Европалык борборунун техникалык кеңешчиси, Ибраева Н. – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык башкармалыгынын башкы адиси, Отаргалиев Н.Т. – НАО ФОМС филиалынын директору, Рахыпбеков Т.К. – Улуттук баштапкы медициналык-санитардык жардам ассоциациясынын президенти, Абзалова Р.А. – Башкармалыктын төрагасы. Андан ары сапардын программасы Енбекши-Казак коп профильдүү ооруканасында практикалык окууга негизделген.
Сапардын жыйынтыгында тараптар медициналык кызмат көрсөтүүнүн парадигмасын өзгөртүү үчүн эң үнөмдүү, жеткиликтүү жана чоң потенциалы бар баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык кызматтын потенциалын жогорулатуу максатында тажрыйба алмашышты.