Учурдагы, саламаттык сактоо секторундагы электрондук технологияларды киргизүү кырдаалын талкуулоо
2018-жылдын 16-апрелинде, саламаттык сактоо министрлигинде, электрондук саламаттык сактоо борборунун адистеринин катышуусу менен, санариптик өнүктүрүү боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаевдин жана Кыргызстандагы GIZ жана ЮНИСЕФ электрондук саламаттык сактоо боюнча консультанты Франсуа Гурронун жолугуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар учурдагы өкмөттүк программаларды ишке ашыруунун алкагында электрондук технологияларды саламаттык сактоо секторунда ишке киргизүү абалын, GIZ жана ЮНИСЕФ долбоорлорунун алкагында санариптик технологияларды ишке ашыруу менен байланышкан иш-чараларды талкуулашты.
Франсуа Гурро, Германиянын федералдык министрлигинин экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү (BMZ), тарабынан Кыргызстандагы электрондук саламаттык тараптан өнүктүрүү долбоорун колдоо мүмкүнчүлүгүн билдирди.
Келечекте бул долбоор, электрондук саламаттык сактоо чөйрөдөсүндө нормаларды жана стандарттары иштеп чыгуу, IT-технологияларын пайдалануу менен маалыматтарды талдоо, ошондой эле электрондук саламаттык сактоо борборун өнүктүрүү сымал маанилүү учурларын колдоого мүмкүнчүлүк бере алат.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Эркин Чечейбаев, бул долбоорду жактырды. Тараптар өз ара колдоого жана кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.