28-декабрь, 2021-жыл. Кыргыз Республикасы. «Санарип MED» санариптик ден соолукту өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында Ресурстарды башкаруунун Улуттук Маалыматтык Системасы (УМТ) иштелип чыккан. Маалымат системасы саламаттык сактоо экосистемасынын архитектурасында борбордук орунду ээлеген тамыр санариптик чечимдердин бири болуп саналат.
Бул санариптик чечим Борбордук маалыматтык система болуп саналат, ал:
1) кадрлар, бөлүмдөр, адистер менен комплектилөө, мүлк, имараттар, койка-орундардын көлөмү жана аларды иш менен камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар камтылган Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы саламаттык сактоонун бардык уюмдарынын паспортторун (толук баяндалышын) жүргүзүүгө;
2) саламаттык сактоо системасында иштеген кадрлардын жекелештирилген эсебин жүргүзүү;
3) саламаттык сактоонун маалыматтык системаларына кадрлардын жетүү системасын борбордук башкаруу;
4) саламаттык сактоонун ар бир уюмунун техникалык жабдылышына мониторинг жүргүзүү;
5) алынган маалыматтарды талдоонун негизинде натыйжалуу чечим кабыл алуу;
6) маалыматтык системанын маалыматтарын пайдалануу жолу менен отчетторду жана маалымкаттарды түзүүгө.
Саламаттык сактоо уюмдарында НИСУРДУ киргизүү 2022-жылдын биринчи кварталында пландаштырылып, саламаттык сактоо министрлигинен жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынан башталат. Азыркы учурда электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тарабынан тажрыйбалык ишке киргизүү үчүн тесттик иштер жүргүзүлүүдө.