2018-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында 1 С системасына интеграцияланган бухгалтерия: Дары каражаттарынын (ДК) запасын башкаруу боюнча программалык камсыздоо менен таанышуу жана жайылтуу максатында тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдук ишинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин, ДСУнун, Дары жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин өкүлдөрү катышты.
1 Сте: бухгалтерия бардык дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга жүргүзүлөт жана “CHANNEL” программасына киргизилген маалыматтар 50-60% кайталанып, эки ирет киргизүүнү талап кылат.
1 С: бухгалтерияга интегралдашкан дары каражаттарынын запасын башкаруу (кыймыл, пландоо, болжолдоо, ДКнын өз учурунда пайдаланылышына контрол, СУнун бардык баскычтарында зарыл болгон жыйынтык отчётторду алуу) боюнча 1 С платформасындагы программалык камсыздоону иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.
Бул программа маалыматтардын топтолушун автоматташтырууга жана алар пайдалануучу медициналык мекемелерде отчётторду, ошондой эле логистика менен запастарды башкаруу ыкмаларын түзүүгө багытталган. Аталган системанын жардамы менен негизги дары каражаттары, вакцина жана медициналык препараттар менен бирге медициналык товарлардын саны жана түрүн башкарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Программа тармактык вариантта аткарылган жана маалыматтарды компъютердик желеге бириктирилген бир нече компъютерлерге киргизүү үчүн орнотулушу мүмкүн.
1 С системасына интеграцияланган “CHANNEL” программасы: бухгалтерия кампага келип түшкөн, кампадан чыгарылган бардык товарлар боюнча маалыматтарды, товардын бардык түрлөрү боюнча ар ай сайын жүзөгө ашырылуучу стандарттык жиберүүлөрдү камсыздайт, ошондой эле ДКны башкаруу, мониторинг өткөрүү боюнча жетекчи менен башкы медайымдын үчүн өтө маанилүү болгон ДК таңкыстыгы менен мүмкүн болгон жетпей калуулардын келип чыгуу текшерет.