«COVID-19суз саякаттайм» платформасына туташтырылган ата мекендик лабораториялардын тизмеси толукталды, анда ПЦР-тесттен өтүүгө болот, анын жыйынтыгы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде кабыл алынат. 2021-жылдын декабрынан тартып «Human» лабораториясы бул платформага туташтырылган.
“COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинде колдонуучулар ЕАЭБ алкагында коопсуз трансчек аралык саякатка багытталган жалпы санариптик демилгеге кирген бардык жеткиликтүү лабораториялардын толук тизмесин, картадан жайгашкан жерин, иш графиги жана байланыш маалыматтарын көрө алышат.
Лабораториялардын тизмеси:
Мамлекеттик лабораториялар:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
- Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Бишкек шаары;
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Ош шаары;
- Ысык-Көл Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Чолпон-Ата шаары;
Жеке менчик лабораториялар:
- ЖЧК “Aqualab”;
- ЖЧК “Гемотест КГ”;
- Экспресс Плюс;
- ЖЧК “БЭМАН ГРУПП” (МЕДИКАНА Плюс);
- ЖЧК “Интелмед” (Лаборатория Бонецкого);
- ЖЧК “АМСБИО ЛАБ”;
- ЖЧК “Интермедикал”;
- “HUMAN” диагностическалык лабораториясы;
- “Здоровье” лабораториясы.
Кыргыз Республикасы санариптик демилгеге катышкан мезгилде мобилдик тиркеме 560 миңден ашык жолу колдогон, 4,3 миң жолу оң натыйжа берген.
Маалымат үчүн: “COVID-19сыз саякат” тиркемеси Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө саякаттоону пландагандар үчүн иштелип чыккан. Учурда тиркемеге ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Азербайжан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстан кошулган.
Маанилүү! Жеткиликтүү уюмдардын тизмеси, тиркеменин бардык башка маалыматары жана функционалдуулугу актуалдуу болушу үчүн, “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесин үзгүлтүксүз жаңыртып туруу зарыл.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга вакцина алууну жана беткап кийүүнү сунуштайт.
#Кыргызстанжашылаймак