Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги лабораториялар үчүн жаңы санариптик чечимди – ILab интеграцияланган маалыматтык тутумун иштеп чыкты.
2021-жылдын 22-декабрында бул санарип продукт «Sanarip MED» санариптик ден соолукту өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында электрондук саламаттыкты сактоо борборунун жылдык маалымат жыйынында көрсөтүлдү.ILab маалымат системасы жолдомолорду иштеп чыгууну, анализдөө, эсепке алуу жана изилдөө натыйжаларын жеткирүү, диагностикалык натыйжаларды жазууну автоматташтыруу үчүн курал болуп саналат.Ошондой эле, система жарандарга жана медицина кызматкерлерине өз убагында диагноз коюу жана изилдөө жыйынтыктарынын тарыхын көрүү үчүн изилдөөлөрдүн натыйжаларына жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ушуга байланыштуу бул санариптик чечим адистердин убактысын бошотуп, алар көбүрөөк маанилүү ишке көңүл бура алышат. ILab реестр, лаборатория кызматкерлери, дарыгерлер жана жарандардын ортосундагы байланышты уюштурууда жакшы жардамчы болуп калат. Бул системаны колдонуу документтердин жана журналдардын кагаз түрүндөгү версияларынан баш тартууга да өбөлгө түзөт, бул «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо аркылуу жарандардын каржылык ресурстарын жана убактысын үнөмдөйт.Биринчи этапта маалыматтык система Бишкек шаарындагы коомдук саламаттыкты сактоо лабораторияларында жана ҮМБларда ишке киргизилет, андан соң республика боюнча лабораторияларга чейин кеңейтилет.